Улуттук госпиталда кан тамыр хирургиясынын жаңы ыкмалары колдонулат

28-сентябрдан 3-октябрга чейин Россиянын Сургут шаарындагы Сургут округдук клиникалык ооруканасында перифериялык кан тамыр ооруларын эндоваскулярдык дарылоонун заманбап ыкмалары боюнча адистештирилген билим берүү программасы өттү.

Улуттук госпиталдан билдиришкендей, программага аталган оорукананын кан тамыр хирургдары — Кыдырбаев Алмаз Кудайбергенович жана Осмонов Сулайман Омурбекович катышты.

Окутуунун алкагында адистер тромбоздорду, бут-колдордун курч ишемиясын, перифериялык артериялардын окклюзиясын дарылоонун заманбап ыкмаларын, ошондой эле тромбэктомия, атерэктомия, баллондук ангиопластика жана стент коюу ыкмаларын өздөштүрүштү.

Программа теориялык даярдыкты, практикалык иштерди жана клиникалык учурларды талдоону камтыды.

«Биздин адистер алдыңкы адистерден билим алып, практикалык тажрыйбаны өздөштүрүп, дарылоонун заманбап технологиялары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышы зарыл. Бирок эл аралык кызматташтык биздин дарыгерлердин чет өлкөлөргө барып билим алуусу менен гана чектелбеши керек. Биз чет өлкөлүк адистерди Улуттук госпиталга чакырып, алар биздин базада түздөн-түз окутуу иштерин жүргүзүп, дарыгерлерибиз менен биргеликте клиникалык учурларды талдап, практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүүсү маанилүү.
Биздин милдет — алынган билим айрым адистерде гана калбастан, акырындык менен жалпы жамаатка жайылып, күнүмдүк медициналык практикага киргизиле турган шарттарды түзүү. Бул заманбап медицинаны өнүктүрүүнүн жана бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуунун маанилүү багыттарынын бири»,- деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Талантбек Арстанкулов.

7 Октябрь 2026 жыл 14:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча