Көпчүлүк аймактарда жаан жаайбы? 9-октябрга күтүлгөн аба ырайы

9-октябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 19…21° жылуу болот.

8 Октябрь 2026 жыл 16:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча