Орусияда 3 кыргызстандык мекендешин уурдоого байланыштуу кармалды

Тышкы иштер министрлиги Орусияда адам уурдоого байланыштуу Кыргызстандын үч жараны кармалганын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, окуя 5-октябрда Москва шаарында болгон. Ага катышы бар деген Кыргызстандын үч жараны кармалып, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Ур-токмокко кабылган адам да Кыргызстандын жараны экени аныкталып, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Буга чейин социалдык тармактарда топ адам бир кишини сабап, күч менен машиненин багажына салып жатканы тартылган видео тараган. Айрымдар алар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан.

Жалпысынан Орусияда 376 миңдей кыргызстандык мигрант расмий каттоодо турат.

8 Октябрь 2026 жыл 11:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча