Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусунда Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, эки тилкелүү жолдун инженердик курулмаларды, анын ичинде суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толук аяктап, асфальт-бетон төшөлүүдө.

Жаңы айланма жол аркылуу Ала-Бука, Сары-Челек жана Кош-Дөбө тарапка каттаган унаалар Кербен шаарынын борборуна кирбей өтө алышат.

Мунун натыйжасында шаар ичиндеги транспорт агымы азайып, жол кыймылынын коопсуздугу жогорулайт. Ошондой эле Чаткал жана Ала-Бука райондоруна каттаган унаалар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүлөт.

8 Октябрь 2026 жыл 10:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча