Бишкектин базарларында картошка канча сом?

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ысык-Көл облусунда жана Бишкектин ири базарларында картошканын бааларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча:

  • Ысык-Көл облусунда картошканын чекене баасы — 30–40 сом/кг.
  • Бишкек шаарында:

-«Аламүдүн» базары — 30–45 сом/кг;
— «Орто-Сай» базары — 40–45 сом/кг;
-«Ак-Эмир» базары — 35–60 сом/кг.

Учурда фермерлер картошканы дүң баада 15–17 сомдон, ал эми базарлардын дүң соода катарларында 20–25 сомдон сатууда.

Картошканын чекене баасы анын сортуна, сапатына жана ортомчулардын санына жараша айырмаланат.

8 Октябрь 2026 жыл 13:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча