Буга чейин социалдык тармактарда кичинекей кыздын унаа башкарган видеосу тараган. ЖКККББдан билдиришкендей, автоунаа Талас облусунун аймагынан аныкталды. Бул факты боюнча тиешелүү укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, автоунаа айып короого киргизилди. Башкармалык ата-энелердин балдардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилигине өзгөчө көңүл бура тургандыгын эскертти.
«Баланын автоунаа башкаруусуна жол берүү — анын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле жол кыймылынын башка катышуучуларына олуттуу коркунуч жаратат.
«Урматтуу ата-энелер! Балдарга унаа башкарууга эч качан жол бербеңиздер жана транспорт каражатын башкарууга мүмкүнчүлүк түзбөңүздөр. Чоңдордун жоопкерчилиги — баланын коопсуздугун көзөмөлдөөдөн жана туура тарбия берүүдөн башталат. Эсиңиздерде болсун: унаа оюнчук эмес. Баланын коопсуздугу — чоңдордун туура чечиминен көз каранды»,-деп айтылат маалыматта.