Майыптыгы бар аял америкалык Blue Origin компаниясынын суборбиталдык миссиясына катышып, космосту багынткан алгачкы адам болду. Бул тууралуу Kaзинформ агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Европа космос агенттигинин инженери Михаэла Бентаус New Shepard космос кемесинде учууга катышкан.
Германиянын Киль шаарынан болгон 33 жаштагы Бентаус — денесинин төмөнкү бөлүгү шал болуп, майыптар арабасын колдонгон алгачкы адам катары космоско учту. Ал 2018-жылы велосипед кырсыгынан кийин параплегия болуп калган.
Конгондон кийин Бентаус бул учуу анын өмүрүндөгү эң унутулгус окуя болгонун белгилеп, “Кыялдан эч качан баш тартпагыла. Мүмкүнчүлүктөр аз көрүнгөнү менен, мүмкүн эместей сезилген нерсе ишке ашышы мүмкүн” — деген.