Манасчылар жалпы кыргыз элинен кечирим сурап, бири-бирин кечиришти. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театры билдирди.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 9-декабрында социалдык тармактарда Кыргыз улуттук “Манас” театрында манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар тарап, жагдайды жеринде тактоо жана объективдүү баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.
Комиссиянын иликтөөсү толук бүткөнгө чейин театрдын директору Талантбек уулу Нурбек кызматынан убактылуу четтетилген.
Иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча министрлик кошумча маалымат берерин билдирген болчу.