«Ош базары» жаңы ордуна качан көчүрүлө баштай турганы айтылды

Бишкектеги «Ош базары» шаардын түндүк-батыш тарабындагы жаңы ордуна быйыл март айынан тартып көчүрүлө баштайт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 4-февралда базардагы сатуучулар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал учурда базардагы сатуу орундары такталып жатканын, орундар баарына жеткидей кылып бөлүштүрүлө турганын айтты:

«Ал жакта орун кенен. Баарыңыздарды ошол жакка бириктиребиз. Марттан тартып көчүрүлө баштайт. Бардык шарттар түзүлүп, толук бүткөндөн кийин гана көчүрүлөт. Жаңы базарда сатуу орундары эч кимге сатылбайт, ижарага берилет. Бул жакта 5 миң сом төлөп жаткан болсоңуз, ал жакта да ушул эле акчаны төлөйсүз, болгону аны түз мамлекетке төлөйсүз», — деди Туманбаев.

4-февралда Туманбаев Бишкек шаар мэриясынын өкүлдөрү менен чогуу «Ош базарына» барып, сатуучулар менен жолугушту. Соодагерлер базар жабыла элек болсо да аларга айып пул салынып жатканына нааразылыгын айтышты. Туманбаев сатуучулардын кайрылуулары мэриянын тийиштүү жетекчилери менен талкууланарын, ишкерлерге кысым жасалбашы керектигин айтты.

4 Февраль 2026 жыл 18:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча