Ош шаарында өспүрүмдү тоноп, акча талап кылган жаран кармалды

Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгына караштуу Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жашы жете электерге карата зомбулук көрсөтүп, аларды тоноп жүргөн 2004-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну М.Б. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

“Тергөө кызматынын алгачкы маалыматтарына ылайык, шектүү 2026-жылдын 9-февраль күнү Ош шаарындагы мектептердин биринин алдында шаардагы социалдык мектептердин биринин 8-классынын окуучусу, 2011-жылы туулган Т.Д. аттуу өспүрүмдү токтотуп, анын «Айфон» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун коркутуп тартып алган. Мындан тышкары, шектүү жабырлануучунун дарегин тактап, аны коркутуп акча талап кыла баштаган. Натыйжада, жабырлануучудан 2000 сом акчаны алып жаткан учурда М.Б. милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.Анын жанынан талап кылган акча жана бычак алынган.
Шектүү М.Б. 2026-жылдын 10-февралында Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Белгилүү болгондой, ал мурда 4 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда бул факты боюнча тиешелүү материалдар чогултулуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.
Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмү тарабынан аталган жарандан жабыркагандар болсо, төмөнкү байланыш номерлерине кайрылууну өтүнөт: 03222 6-27-57, 0551 50-71-50.

11 Февраль 2026 жыл 12:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча