Оштун жол милиция кызматы кырсык 12-декабрда саат 22:20да болгонун билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, Daewoo Matiz автоунаасы каршы тилкеге чыгып, Kia K3 менен кагышкан.
Маалыматка ылайык, биринчи автоунаадагы 3 киши көз жумуп, дагы 3 киши ооруканага жеткирилген.
Автоунаалар айып короого токтотулуп, чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүлгөн.