Президент Садыр Жапаров илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозовду кызматтан алды. Мындай жарлыкка кол коюлганы 15-декабрда жарыяланды.
Президенттин администрациясы тараткан маалыматта Орозовдун кызматтан алынышына анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасын так сактабаганы негиз болгону жазылган. Бирок сөз министрдин кайсы аракети жөнүндө экени айтылган эмес.
Айрым маалымкттарга караганда Орозов алкоголдук ичимдик ичип алып унаа башкарганы үчүн ушундай чара көрүлгөн.
Белгилей кетсек, 39 жаштагы Орозов министрлик кызматка быйыл май айында дайындалган.