Жигитти уурдап кетишкен. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектелген жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирет.

Милицияга Аламүдүн-1 кичи районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анын арызында 17-мартка караган түнү саат 01:00 чамасында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан белгисиз адамдар анын К.Н. аттуу уулун күчтөп унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкендиги айтылган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмү («Адам уурдоо») менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкү жарандар кармалды:

  • М.Н., 2006-жылы туулган;
  • Ю.Ф., 2006-жылы туулган;
  • И.Р., 2007-жылы туулган;
  • А.Р., 2009-жылы туулган (өспүрүм).

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр К.Н.ны «карызы бар болчу» деген шылтоо менен акча талап кылуу максатында уурдап кетишкени аныкталган.

Үч шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийинчерээк соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Ал эми жашы жете элек өспүрүм А.Р.га карата эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

24 Март 2026 жыл 10:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча