Белгилүү ырчы Akon алдыдагы концертке катышуу үчүн Бишкекке учуп келди.
«Манас» эл аралык аэропортунан артистти кыргыз каада-салты менен тосуп алышты. Улуттук кийимчен кыздар ага каймак менен боорсок сунуштап, тосуп алуу аземи жандуу улуттук музыка менен коштолду.
18-сентябрда Akon «Бишкек Аренада» өнөрүн тартуулайт. Аны менен бирге сахнага америкалык аткаруучулар Ne-Yo жана Busta Rhymes чыгышат.
Akon — сенегал-америкалык ырчы, ырлардын автору жана продюсер. Ал дүйнөлүк атакка 2000-жылдардын ортосунда Lonely жана Locked Up хиттеринин аркасында ээ болгон. Артисттин башка популярдуу композицияларынын арасында Smack That, Don’t Matter, Beautiful жана Right Now (Na Na Na) ырлары бар.