Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны өлкө башчы Садыр Жапаров өзгөчө шаң менен тозуп алды. Эки өлкөнүн башчылары өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат.
Ошондой эле сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда Ынтымак паркында «Достуктун алтын көпүрөсү» монументинин расмий ачылыш аземин өткөрүү пландалган.