Астанада транспорт министрлери жолугушту. Эмне маселелер талкууланды?

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтообаев Казакстандын Астана шаарында өткөн VIII эл аралык «NEW SILK WAY» бизнес-форумунун алкагында транспорт министрлеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

“Жолугушууда эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, жүк ташуудагы тоскоолдуктарды жоюу жана транспорт тармагындагы процесстерди санариптештирүү маселелери талкууланды. Ошондой эле эл аралык жүк ташууларды жеңилдетүү, транспорттук байланыштарды жакшыртуу жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду”,-деп айтылат маалыматта.

18 Октябрь 2026 жыл 0:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча