«KG Group» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун апасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, жардам берүүнү суранды.
Президенттин Кадамжай районунун тургундары менен жолугушуусунда ал баласы камакта мыйзамсыз отурганын жана ага жалган-жалаа жабылганын айтты.
Буга жооп катары президент Ташовдун иши боюнча башынан эле маалыматы бар экенин билдирди.
«Эч ким подстава кылган эмес. Ал төңкөрүш кылам деп, 450 миң долларлык мүлкүн, батирлерин криминалга тараткан. Ал убакта [Камчы] Көлбаев тирүү болсо керек эле, анын балдарына берип: «Чыгып бергиле», — деген. Мен билем аны», — деди Жапаров.
Ошондой эле президент курулушу бүтпөй калган турак жайлар боюнча да токтолду. Анын айтымында, жарандардан алынган акчаны Ташов шайлоого жумшап жиберип, андан соң үйлөрдүн курулушун аягына чыгара албай калган.
«Муну дагы териштиргем. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевди жиберип, ал 1-2 үйдү бүтүрүп берди. Эксплуатацияга берилбей жаткан үйлөр пайдаланууга берилди, документтерин бүтүрбөй эле салып салган. Элдин көйгөйүн чечтик. Дагы бир көйгөй тууралуу айтып жатасыз, аны карап көрөйүн», — деди президент.
Ал соттордун ишине кийлигише албай турганын, соттун чечими чыккандан кийин кайрылса, ырайым бере аларын билдирди.
Ташовдун апасы уулу күнөөсүз экенин кайрадан билдирди. Ага Жапаров күнөөсү далилденгенин айтты.
«Апа коюңузчу, күнөөсү жок деп айта беребиз, 100% далилденген, мен өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен уккан нерсени айтып жатам. Бирөөнүн ушагын айтып жаткан жокмун», — деди ал.