21-октябрдан тартып Бишкек шаарында №31 жаңы автобус каттамы иштей баштайт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы каттамда күн сайын 7-8 автобус Ак-Жар конушунан Ибраимов көчөсүнө чейин жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздайт.
«Каттамдын ишке кириши шаар тургундары үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, каттамдарды ыңгайлуу кылат жана шаар ичинде коомдук транспорт менен жүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет», — деп айтылат маалыматта.