Бүгүн, 19-октябрда Миланда нааразылык акциясынын катышуучулары менен полициянын ортосундагы кагылышуулар уланды, деп жазат«DW».
Маска кийген демонстранттар дүкөндөрдү талкалап, унааларды жана таштанды челектерин өрттөй баштагандан кийин укук коргоочулар көздөн жаш агызуучу газ жана суу атуучу куралдарды колдонушту.

Башаламандыктар кечээ, 18-октябрда жашоонун кымбатчылыгына каршы тынч митингден улам башталган. Негизинен кара кийим кийип, маска тагынган жаштар шаардын борбордук аянты Пьяцца дель Дуомодо талкалоо уюштурушкан.
Натыйжада витриналар талкаланып, дүкөндөр тонолгон. Милан шаарынын мэри Жузеппе Сала соода түйүндөрү талкаланганын жана шаар тургундары коркуп калганын билдирди.
Кеминде 160 адам кармалган, алардын кеминде 80%ы жашы жете электер.
Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони башаламандыкка катышкандардын аракеттерин айыптап, аларды демонстрацияларды башаламандык жаратуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салуу үчүн пайдаланган кылмышкерлер деп атады.
Бүгүн Мелони абалды талкуулоо үчүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жыйын өткөрөт.