Айбийке Уланбек кызы Азия Пара оюндарынын чемпиону болду

Кыргызстандык дзюдочу Айбийке Уланбек кызы Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия Пара оюндарында алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 52 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, жарым финалда япониялык Юуй Фуживараны 1:0 эсебинде жеңген.

Финалдык беттеште Индиянын өкүлү Кокиланы 1:0 эсебинде утуп, Пара Азия оюндарынын чемпиону аталды.

Мелдештер 24-октябрга чейин уланат.

19 Октябрь 2026 жыл 16:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча