Башталгыч класстын окуучуларын тамактандырууга бөлүнгөн каражатты 40 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда

Кыргызстанда 1–4-класстын окуучуларын тамак-аш менен камсыздоону каржылоону дээрлик үч эсеге — бир балага күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. Бул максаттар үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча дээрлик 3 миллиард сом талап кылынат. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документке ылайык, жаңы нормативдерди 2027-жылдын 1-январынан тарта киргизүү пландалууда. Каржылоону көбөйтүү мектеп окуучуларын ар түрдүү, толук кандуу жана тең салмактуу тамак-аш менен камсыз кылууга тийиш.

Учурда башталгыч класстын бир окуучусунун тамактануусуна мамлекет күнүнө 14 сом, же бир окуу жылына 2 миң 520 сом бөлөт. Долбоорго ылайык, суткалык норматив 26 сомго көбөйүп, 40 сомду түзөт, ал эми жылдык норматив — 7 миң 200 сомду түзөт.

Ошентип, ар бир мектеп окуучусун тамактандырууну каржылоо жылына 4 миң 680 сомго өсөт.

Ошол эле учурда эмгек акыны жана коммуналдык чыгымдарды эсепке албастан, жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун жалпы нормативдерин кайра кароо сунушталууда. Башталгыч мектептер үчүн бир окуучуга туура келген көрсөткүч жылына 3 миң 144 сомдон 7 миң 824 сомго чейин, ал эми негизги жана орто мектептер үчүн — 3 миң 159 сомдон 7 миң 839 сомго чейин жогорулайт.

Негиздеме-маалымкатта бул чечим президент Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 10-июнундагы тапшырмасын аткаруу максатында даярдалганы белгиленет. 2027-жылга республикалык бюджетти калыптандырууда мектептеги тамактануунун баасын күнүнө 40 сомго чейин көтөрүү үчүн каражаттарды караштыруу тапшырылган.

Мындан сырткары, азыктык баалуулугун, калориялуулугун жана балдардын зарыл азык заттарга, макро- жана микроэлементтерге болгон курактык муктаждыктарын эске алуу менен аш тизмеси иштелип чыккан.

Иштеп чыгуучулардын эсептөөлөрү боюнча, демилгени ишке ашыруу 2027-жылы жана кийинки жылдарда республикалык бюджеттен 2 миллиард 965 миллион 907,1 миң сом өлчөмүндө кошумча чыгымдарды талап кылат.

Финансы министрлигине 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине арналган бюджетте тиешелүү каржылоону кароо сунушталууда.

19 Октябрь 2026 жыл 16:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча