Кыргызстанда 2027-жылы ыйык Орозо айы болжол менен 8-февралда башталат. Так күнү орозонун башталышына жакын жарыяланарын Муфтияттан билдиришти.
Буга чейин Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы келерки жылдагы диний күндөрдүн календарын жарыялаган. Ага ылайык, Орозо 8-февралда башталат, Кадыр түн 5-марттан 6-мартка караган түнү өтөт, Орозо айт 9-мартта, ал эми Курман айт 16-майдан 18-майга чейин белгиленет.
Акыркы жети жылда Кыргызстанда жана Казакстанда Орозонун башталышы бир күнгө туш келген:
2020-жыл — 24-апрель;
2021-жыл — 13-апрель;
2022-жыл — 2-апрель;
2023-жыл — 23-март;
2024-жыл — 11-март;
2025-жыл — 1-март;
2026-жыл — 19-февраль.
2027-жылы дагы эки өлкөдө орозо бир убакта башталышы мүмкүн. Бирок КМДБ акыркы күн азырынча бекитиле электигин баса белгиледи.