Мыйзамсыз зер буюмдарды Кыргызстанга алып кирүү аракети токтотулду

«Манас» эл аралык аэропортунда тиешелүү документтери жок зер буюмдарды Кыргызстанга алып кирүү аракети токтотулду.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, текшерүүдө жалпы баасы 9,6 млн сомдон ашкан 376 зер буюм аныкталган. Анын 147си — жалпы салмагы 396 граммды түзгөн алтын, ал эми 229у — салмагы 1 килограмм 979 грамм болгон күмүш буюмдар болгон.

Бул факты боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынып, тиешелүү укуктук жана салыктык жол-жоболор жүргүзүлдү.

20 Октябрь 2026 жыл 11:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча