Ички иштер министрлиги жарандарды банк карталарын үчүнчү жактарга берүүдөн жана башка адамдардын акчасын сый акы үчүн которуудан сак болууга чакырат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы маалымат жарыялады.
«Мындай аракеттер жарандарды мыйзамсыз акча жүгүртүүгө байланышкан кылмыштуу схемаларга аралаштырышы мүмкүн. Башка адамдардын акча которууларын жүргүзүү үчүн банк карталарын же эсептерин берген адамдар «дропперлер» деп аталат жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн»,-деп айтылат билдирүүдө.
Ага ылайык, Ички иштер министрлиги жарандарды банк карталарын жана эсептерге кирүү маалыматтарын бөтөн адамдарга бербөөгө, ошондой эле шектүү финансылык сунуштарга макул болбоого чакырат.
Эсиңизде болсун: бүгүнкү жеңил акча эртең эркиндигиңизден ажыратуусу мүмкүн. Дроппер болбоңуз!