Мыйзамсыз миграция уюштургандар 13 млн сомдук айыпка жыгылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанга мыйзамсыз миграция агымдарын уюштурууга бөгөт коюу максатында 1-10-октябрь күндөрү «Нелегал-2026» аттуу аймактык операциясын жүргүздү.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 431-беренесине («Чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу эрежелерин же транзиттик өтүү тартибин бузуу») ылайык, жалпы суммасы 10 млн 480 миң сомду түзгөн 1412 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, аталган кодекстин 93-беренесине («Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу») ылайык 2 млн 927 миң сомдук айып пул салынган. Буга байланыштуу 75 административдик протокол түзүлдү.

Атайын кызмат «Нелегал-2026» операциясынын алкагында канча ишкана текшерилгенин белгилеген эмес.

20 Октябрь 2026 жыл 15:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча