World Boxing дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстандын үч мушкери жогорку орундарды ээледи.
Мунарбек Сейитбек уулу (60 кг чейин) 975 упай менен 3-орунга көтөрүлдү. Бул көрсөткүчкө мушкер Париж Олимпиадасы 2024 оюндарындагы күмүш медалы аркылуу жетишкен.
Ал эми Ихтияр Нишанов (70 кг чейин) 8-орунда, Нурадин Рустамбек уулу (75 кг чейин) 13-орунда жайгашты.
Рейтингде упайлар эл аралык турнирлердеги — World Boxing Challenge мелдештери, Дүйнө кубоктору, дүйнө чемпионаттары жана Олимпиададагы жыйынтыктар боюнча эсептелген.