Бишкек шаарынын Ленин районунда катталган адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Көзөмөл камераларынан алынган видео жазууларда кылмышка шектүү жаран түшүп калган. Окуя болгон жерден шектүүгө таандык баш кийим — кепка (сүрөттө) табылып алынган.
Урматтуу жарандар! Эгерде сүрөттөгү адамды таанып же анын жүргөн жери жөнүндө маалымат билсеңиздер, төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: 0 772 144 239, 0 556 848 080, 102.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги маалымат берген адамдардын жеке коопсуздугу жана купуялуулук толук сакталат. Тергөөгө көмөктөшкөн жарандар үчүн сый акы каралган.
Маркумдардын туугандары бул иштин кандайдыр бир жагдайларын жарыялоо каршы экенин эске алып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартабыз. Тергөө иштери аяктап жана шектүү кармалгандан кийин, коомчулукка дароо маалымат берилет.