Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайындагы кар көчкүдөн сактоочу галерея жарым-жартылай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 1-августтан тарта унаалар жаңы тоннел аркылуу өтүп башташты. Тоннел жарым-жартылай ачылган. Расмий ачылыш аземи кийинчерээк болмокчу.
Кардан коргоочу галереянын бийиктиги 8,6 метр, туурасы 10,5 метр, жалпы узундугу 460 метрди түзөт.