Көк бөрү финалындагы чыр: Жумабеков күйөрмандарды сабырдуулукка чакырды (видео)

Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата Ошто өткөн көк бөрү оюнунун финалдык беттеши чыр-чатак менен коштолду. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Дастан Жумабеков күйөрмандарына соцтармак аркылуу кайрылуу жасап, сабырдуулукка чакырды.

Эске салсак, 31-августтун кечинде социалдык тармактарда Оштогу Төлөйкөн ат майданында жаалданган топ беттеш өткөн талааны көздөй жүгүрүп баратканы чагылдырылган тасма тараган.

Күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы күйөрмандар ортодогу калысты ур-токмокко алганы айтылууда.

«Достук» жана «Ынтымак» командалары беттеш өткөрүп, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» жеңип алган.

31 Август 2023 жыл 23:51

Тема боюнча