Бүгүн, 25-мартта 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычтын алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы менен Азиянын учурдагы чемпиону Катар курамасынын футболдук беттешинде эсеп ачылды.
Топту атаандаштын дарбазасына Валерий Кичин биринчи бөлүктүн соңунда берилген кошумча убакыт учурунда киргизип, эсепти ачты.
Беттеш Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп жатат, оюнга өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү да келди.