1 миллион сом байге фонду жана 1,5 миң жөө күлүк: «Манас Деми — 2026» кандай өтөт

Эл аралык «Манас Деми» жарым марафонуна бир айга жетпеген убакыт калды. 19-сентябрда Талас шаары экинчи жолу Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген жөө күлүктөрдү кабыл алат. Жарыш салтка айланган өлкөдөгү эң маанилүү жайлардын бири — «Манас Ордо» улуттук тарыхый-маданий комплексинин аймагында өтөт.

Быйыл уюштуруучулар 1,5 миңге жакын катышуучуну күтүп жатышат. Программада 21,1 км, 10 км жана 3 км аралыктагы жарыштар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өзүнчө 1 км жарыш, ошондой эле балдар арасында өтүүчү «Манас Деми — Балакай» жарышы бар.

«Манас Деми» мелдешинин жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт. Ар бир чоңдор арасындагы аралык боюнча эркектер жана аялдар категориясында жеңүүчүлөр аныкталат.

Спорттук программа менен катар «Манас Деми» аянтчасында кыргызстандык аткаруучулардын катышуусунда концерт өтөт. Конокторду жана күйөрмандарды көңүл ачуучу программа да күтөт.

Быйылкы «Манас Деминин» маанилүү багыттарынын бири — кайрымдуулук. Жарым марафондун алкагында чогулган бардык каражат Талас облусундагы балдар үйлөрүнө өткөрүлүп берилет.

«Манас Демиге» катышуу менен ошондой эле масштабдуу реконструкциядан кийин жаңыланган «Манас Ордо» комплексин өз көзүңүз менен көрүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. Спорттук иш-чара Таласка келген конокторго Кыргызстандын негизги тарыхый-маданий жайларынын бири болгон «Манас Ордону» жаңыча көрүнүштө таанытат.

«Манас Деминин» уюштуруучулары — Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана «Альянс Алтын» компаниясы.

Стартка аз калды! Өзүңүзгө ылайыктуу аралыкты тандап, «Манас Демиге» кошулуңуз!

18 Август 2026 жыл 15:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча