
Кытайда 100дөн ашык унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу видео Интернетке тарады.
Андагы видеодон унаалар биринин артынан бири рулду башкара албай, жолдо турган ондогон башка унааларды сүзүп алганын көрүүгө болот.
Маалыматка караганда бул ири кырсык Кытайдын Хэнань Тайхуй экспресс жолунда болгон.
Жаан менен кар аралаш жаап, жол тайгак болуп, туман түшкөндүктөн айдоочулар ылдамдыгын убагында азайта алышкан эмес.