13 жылдан бери күйөөсүнөн кордук көргөн келиндин иши милициянын көзөмөлүнө алынды

Жалал-Облусунда 13 жылдан бери күйөөсүнөн кордук көргөн келиндин күйөөсүнө карата чара көрүлө баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 6-октябрында Ноокен районунун тургуну 32 жаштагы Б.Б. 13 жылдын бери жолдошу тараптан зомбулук көрүп жашап келгендигин айтып Бишкек шаарынын 1-Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.

Анын арызы аймактык караштуулугу боюнча Ноокен РИИБге өткөрүлүп берилген

Бул окуя милициянын каттоосуна алынып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Эске салсак, күйөөсүнүн кордугунан качкан келин, өмүрүнө коркунуч келип жатканын айтып бийликтен жардам сураган.

14 Октябрь 2023 жыл 15:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча