Өзүнүн жана балдарынын коопсуздугу үчүн атын атагысы келбеген 32 жаштагы келин 13 жылдан бери күйөөсүнөн кордук көрүп келе жаткандыгын айтып, Борбордук Телеканалга кайрылды
Учурда борборго качып келип, күн кечирип жаткан жаран, жардам сурап Президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ИИМ Улан Ниязбековго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына арыз жазган.
«Менин кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө: Менин өмүрүмдөгү кыйынчылык күндөр 5 жашымдан эле башталган экен… Атам 1997-жылы каза болгондон кийин, апап агам экөөбүз менен жалгыз бой калган. Апам көрбөгөн кыйынчылык, кылбаган жумуш калбады. Биз дагы ага кошулуп балалык күндөн эле иштеп келдик. Бирде ток, бирде ач калып, кийимсиз калган күндөрүмдү эстесем, кайрадан балалыкка кайтуудан корком. Жашаган жерибиз жок, кыштын кычырыган күндөрүндө суукта калган учурларды эстегенде көздөн жаш агат. Кыскасы балалыгым атам өлгөн күндөн тарта эле азапка айланган экен…
Багы жокко, дагы жок болуп мени 16 жашымда эле атамдын бир тууган сиңдиси ортого түшүп, бирөөгө ала качтырып жиберген. Турмушка чыккан күндөн тарта чыныгы азап ошол жактан башталды. Мурда жумуш кылып, суукка тоңуп, ачка калып кыйналып жүргөн болсом, эми күйөөмдүн токмогун дагы жей баштадым.
Күйөөмдүн үйүндө бир гана мен иштейм. Кайын энем, кайын атам бар. Кайын атам оорукчан. Күйөөм кылган иши эле телефондо отурат, интернетке кирет. Таң атканча телефон карап, эрте менен уйкуга кетет. Биз ошол убакта турабыз. 3 балам бар. Улуусун мектепке даярдамай, кичүүлөрүнүн курсагын тойгузуп коюп, базарга иштегени кетем. Ал уктап жатканда чымындын үнү угулбашы керек. Балдардын ызы-чуусу угулса мага жана балдарыма күн жок. Коркконунан калчылдап сүйлөй албай калышат. Атасын жан алгычтай эле көрүшөт. Улуу балам айылга ит атаарлар жүрсө «Апа айтпайсызбы, биздин үйдөгү атасынын атын атап ит бар. Ошону атып кеткиле»,-деп айтканда жанымды коерго жер таппай калдым.
Чоң балам оорукчан. Ага дагы күйөөм себепкер. Алты ай сайын дарыланып турушу керек. Ага дагы каражат кээде болот, кээде жок. Жок болгон учурда кошунабыз аптекада иштейт. Ошондон карыз алып, эптеп дарылатканга аракет жасайм. Жамбашына бир барганда эле 6 укол саят. Зөөкүр атасы ооруп турган баламдын жамбашына тебет. Жолдошум бизди эле эмес, энесин да кордойт. Сөгүп, урганга чейин барат. Эч кимди укпайт.
Турмуш курган 13 жыл ичинде бир канча жолу ажырашып кетейин деп, тай ата, тай энемдикине жана атамдын бир туугандарыныкына бардым. Алардан колдоо болгон жок. Тайларым «ошол үйдөн өлүгүң чыксын, жаша»,-дешти. Өзүмдүн бир тууган агам болсо «биз атасыз өстүк, эл күнөөнү бизге коет, чыда»,-деген сөзүн айтып жолго салып келет. Атамдын бир туугандары көңүл кош мамиле кылышат. Алар «сени биз чоңойтподук. Сенин мүнөзүң кандай экени белгисиз»,-дешет.
Жанагы мени күйөөгө берген атамдын карындашы азыр абалым менен иши да жок. Айтор, бир апамдан башка эч кимден колдоо жок. Акыры өлсөм ушул азаптан кутуламбы?,-деген ойлор келчү болду.
Ажырашам десем кайын энем «сенин үйүн жок. апаңдын дагы үйү жок. Ошол үчүн балдарды биз сенден тартып алабыз»,-деп коркутуп келген. А мен балдарымды алып коет экен деп коркуп жашап жүрүп, ушул убакка келдим.
Мындан ары чыдамым да, сабырым да баары түгөндү. Ушул зөөкүрдүн кордугун көргүчө өзүм эле өлүп калсамбы дейм. Бирок, балдарымды ойлоп өзүмдү токтотуп калам.
Азаптын эң акыркысы 10 күнчө мурун болду. Атайын арак алып, үйгө ичип келдим. Күйөөм урса, урганын сезбей өлүп калсам экен дедим. Айткандай эле урду. Чачымдан сүйрөп эшикке алып чыгат. Кайра үйгө сүйрөп кирет. Тепкилейт. Дубалды сүздүрөт. Айтор кылбаган кордугу калган жок. Акыры эсиме келип өзүмдүн тирүү калганыма таң калдым. Ушунча ур-токмоктон кийин дагы тирүү каламбы деп ыйладым.
Кийин анын буга чейинки сууга думчуктурап, муунтуп, бычак такаган күндөрүн эстеп, өз өмүрүмө жана балдарымдын келечегине коркунуч болуп жатканын сезип, Бишкекке апамдыкына качып келдим. Апам өзү батирде турат. Жолдошум анын иштеген жерин да, жашаган жерин да билет. «Апаңды өлтүрүп кетем»,-деп коркутат. Учурда биздин эле эмес, апамдын да өмүрүнө коркунуч келип жатат.
Кайрылуумдун аягында сиздерден менин өмүрүмдү, балдарымдын келечегин, апамдын коопсуздугун камсыз кылып берүүңүздөрдү суранам. Мындан аркы биздин тагдырыбыз сиздердин колуңуздарда. Үмүтүм бир гана сиздерде. Жардам бериңиздерчи?»,-деп жазат келин.