Баткендеги селден кийин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Баткен облусунда 23-июлда жааган нөшөрлүү жаандан улам катталган селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, селден Баткен шаары, Баткен жана Кадамжай райондорунун айрым аймактарында ички жолдор, сугат каналдары, электр мамычалары жана турак жайлардын короолору жабыркаган.

Сел учурунда куткаруучулар Жаңы-Достук айылында сайдын ортосунда калган 5 адамды коопсуз жайга чыгарып, «Алтын-Бешик» лагериндеги 54 жаранды, анын ичинде 45 окуучуну эвакуациялашкан.

Учурда жабыркаган аймактарда тазалоо, жолдорду жана инженердик тармактарды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Ага ӨКМден жана жергиликтүү кызматтардан 97 кызматкер, 18 техника тартылган.

24 Июль 2026 жыл 17:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча