Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы Абакир Төрөбек уулу көчөсүндө жайгашкан №33, №35 жана №37 көп кабаттуу үйлөрүнүн короосу толугу менен көрктөндүрүлүп, жашоочулар үчүн заманбап шарттар түзүлдү.
Мэриянын маалыматына ылайык, күн мурун балдар аянтчасынын ачылыш аземи өтүп, ага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты.
Долбоордун алкагында аймакка балдар аянтчасы менен катар футбол жана баскетбол аянтчалары курулуп, тротуарлар жаңыланып, түнкү жарыктандыруу системасы орнотулду.
Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысы аймакты жеринен көрүп чыгып, тиешелүү кызматтарга короону оңдоп-түзөө жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тапшырмаларды берген.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында короо балдардын оюн-зоок жана спорт менен машыгуусу, ошондой эле тургундардын эс алуусу үчүн заманбап коомдук жайга айланды.