Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө жана байкоочу мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары менен аналитикалык борборлорунун медиафоруму – жөн гана кесиптик жолугушуу эмес, бул – ШКУ мейкиндигинде маалыматтык коопсуздуктун пайдубалын бекемдөө, интеллектуалдык кызматташтыкты тереңдетүү жана элдерибиздин ортосундагы достуктун алтын көпүрөсүн куруу жолундагы маанилүү кадам. Бул тууралуу президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков аталган медиафорумдун ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, бүгүн биз маалымат жана технологиялар үстөмдүк кылган доордо жашап жатабыз жана маалымат секунданын ичинде дүйнөнү кыдырууда. Ошондуктан коомдук пикирди калыптандырууда жана өлкөлөр арасындагы ишенимдүү мамилени, коопсуздукту сактоодо жалпыга маалымдоо каражаттары менен эксперттик борборлордун жоопкерчилиги жогорулады.
“Бүгүнкү күндө маалымат — элдин аң-сезимин жана мамлекеттердин келечегин калыптандыруучу эң таасирдүү жана кубаттуу курал. Дал ушул себептен, аналитикалык борборлордун терең илимий изилдөөлөрү менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ыкчамдыгынын, тактыгынын жана калыстыгынын биримдиги замандын негизги талабы болуп калды. Сиздердин эмгегиңиздер маалыматтык манипуляциялардын жана чындыкка дал келбеген жаңылыктардын агымына каршы бекем калкан сыяктуу болот. Ошол калкандын аркасында коомчулукка бир гана текшерилген фактылар, бир гана ишенимдүү чындык жетет деп ишенем”, — деди Орунбеков.
Ал Кыргызстан ар дайым ачыктык, урматтоо жана конструктивдүү диалог принциптерин бекем карманып, ШКУнун алкагында маалыматтык, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары да тереңдетүүгө умтуларын белгиледи.
“Сиздердин калыс калемиңиздер, терең аналитикаңыздар жана таасирдүү сөзүңүздөр – өлкөлөрүбүз биргелешип ишке ашырып жаткан ири инфраструктуралык, транспорттук жана инвестициялык долбоорлордун маңызын жана маанисин элге жеткирүүдөгү негизги көпүрө болуп саналат.
Бул форум жаңы ойлордун булагы, чыгармачыл демилгелердин аянтчасы жана биздин биргелешкен келечегибиздин Жол картасы болоруна терең ишенем. Бүгүн бул залда ШКУ мейкиндигинин медиа тармагындагы алдыңкы адистери, кадыр-барктуу журналисттери жана дүйнөлүк деңгээлдеги эксперт-аналитиктери чогулушту”, — деди ал.
Сөзүнүн соңунда Орунбеков медиафорумдагы ар бир пикир жана практикалык сунуштар ШКУ алкагындагы өз ара кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө зор салым кошорун белгиледи.