Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кабыл алуу өнөктүгүнүн үчүнчү туру башталды.
«Абитуриент online» автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматы боюнча, абитуриенттерди каттоо 29-июль саат 14:00гө чейин уланат.
Белгилей кетсек, алгачкы эки турдун жүрүшүндө абитуриенттерден 61 миңден ашык электрондук талон катталган. Анын ичинде 21,6 миңи — бюджеттик, 39,5 миңи — келишимдик орундарга туура келет. ЖОЖдор 41,6 миң абитуриентти окууга тапшырууга сунушташкан.
Тандаган адистиги боюнча окуу каалоосун 30 миңден ашык киши ырастады (23,7 миңи — келишимдик негизде, 6,4 миңи — гранттык негизде).
Кабыл алынгандардын саны боюнча алдыңкы тармактар: педагогикалык жана гуманитардык адистиктер, экономика жана финансы, медицина, маалыматтык технологиялар, ошондой эле юриспруденция болуп саналат.
Жалпысынан өнөктүк беш тур менен өтөт, бардыгы болуп 10 миңге жакын гранттык орун каралган.