Азия оюндары −2026: Кыргызстандын U-23 футбол курамасынын атаандаштары аныкталды

Футбол боюнча XX жайкы Азия оюндарындагы таймаштардын чүчү кулагы өтүп, Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы А тайпасында орун алып, Жапония, Таиланд жана Гонконг курамалары менен беттешет. Мелдешке жалпысынан 15 олимпиадалык курама команда катышып, алар төрт тайпага бөлүштүрүлдү.

Тайпалардын курамы:

А тайпасы

· Жапония

· Таиланд

· Кыргызстан

· Гонконг

В тайпасы

· Кытай

· БАЭ

· Иран

· КЭДР

С тайпасы

· Вьетнам

· Өзбекстан

· Филиппин

· Кувейт

D тайпасы

· Түштүк Корея

· Сауд Аравиясы

· Катар

XX жайкы Азия оюндары 2026-жылдын 19-сентябрынан 4-октябрына чейин Жапониянын Нагоя шаарында жана Айти префектурасында өтөт.

Азия оюндарынын программасына 41 спорттун түрү, 68 дисциплина кирип, 460 медаль топтому ойнотулат.

24 Июль 2026 жыл 13:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча