Таласта ипотекалык 319 батир пайдаланууга берилет

Талас шаарында мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында курулган 319 батирлүү көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу толугу менен аяктады.

Мэриядан билдиришкендей, турак үйлөрдүн ачкычтары бүгүн ээлерине тапшырылат. 

Батирлер “Тынчтык” кичи районунда жайгашып, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде курулду. Алар Талас облусунун тургундарына компания аркылуу жылдык 4 жана 8 пайыздык жеңилдетилген шарттар менен берилет.

24 Июль 2026 жыл 10:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча