Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 36-орунга түштү

Акжол Махмудов күрөш уюмунун жаңыртылган рейтингинде 36-орунга түштү.

19-июлда кыргызстандык спортчу Венгриядагы рейтингдик турнирде 82 кг салмакта күч сынашып, биринчи эле беттеште казакстандык Демеу Жадраевге жеңилип калган. Махмудов 19 катышуучунун ичинен 19-орунду ээледи.

Дүйнөлүк рейтингдин жаңыртылган тизмесинде кыргызстандык спортчу 77 кг салмакта 36-орунга түштү.

Ошондой эле ал 82 кг салмактагы рейтингде 48-орунда турат.

24 Июль 2026 жыл 16:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча