Баткенде кичи ГЭСтин курулушу текшерилип, айып салынды

Баткен облусунун Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан “Исфайрам-4” кичи ГЭСинин курулуш объектисинде пландан сырткары текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында объектте арматураларды токуу (монтаждоо) иштери бекитилген башкы долбоордун талаптарынан четтөө менен аткарылгандыгы, тактап айтканда “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдери бузулгандыгы аныкталган.

Аталган укук бузуу фактысы боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Бай Строй” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, кемчиликтерди башкы долбоорго ылайык келтирүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Мындан сырткары, протокол түзүлүп, аталган юридикалык жакка 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Курулуш иштери аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин убактылуу токтотулду.

18 Сентябрь 2026 жыл 10:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча