Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев Кыргызстан эгемендигинин 35 жылдыгына арналып уюштурулган майрамда төкмө акын Аалы Туткучевдин ырдабай калган себебин түшүндүрдү. Облус жетекчисинин «Азаттыкка» билдиришинче, протокол өзгөргөн эмес, концерттин программасы алмашкан.
«Ал кишиге мен түшүндүрүп айткам. Концерттин программасы алмашып кеткен. Өзүңүздөр деле көрдүңүздөр да, аянтта бир да акын ырдаган жок. Аянтта чет элдик артисттер келип, эстрада концерти болуп жаткандан кийин ошого кеттик. Экинчиси, “Манас ордодо” да концерт болду. Ал жерде акындардын айтышынын жыйынтыгы болуп жаткан соң, атайын акын чыгып, ырдашынын кажети барбы деген маселе жаралып калды да. Ага протоколдун эч кандай тиешеси жок, ал жеке менин чечимим. Программа кээде нугуна жараша алмашып турат», — деген блус жетекчиси.