Чыңгыз Ахматов башкы прокурордун биринчи орун басары болду

Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматына Ахматов Чыңгыз Аширбекович дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койду.

Чыңгыз Ахматов 1981-жылдын 7-июлунда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.

2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу 2004-жылы Талас облусунун прокуратурасында иштөөдөн башталган.

Ал прокуратура органдарында бир катар жетекчилик кызматты аркалап, 2024-2026-жылдары Ош облусунун прокурору болуп эмгектенген.

14 Сентябрь 2026 жыл 14:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча