Бакытбек Сыдыгалиев Ош облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.
Жаңы прокурорду облустагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилерине президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев тааныштырды.
Белгилей кетсек, Бакытбек Сыдыгалиев буга чейин Ош шаарынын прокурору болуп эмгектенген.