Ат-Башыда жаңы сот имаратынын курулушу башталды

Ат-Башы районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. 

Жаңы имаратта судьялар жана сот кызматкерлери үчүн зарыл шарттар түзүлүп, жарандарга сот кызматтарын көрсөтүү үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр каралат.

Курулушту баштоо иш-чарасына катышкан Медербек Сатыев соттун натыйжалуу иши заманбап имарат менен катар судьялардын кесипкөйлүгүнө, калыстыгына жана мыйзамдуулукту сактоосуна байланыштуу экенин белгиледи.

Жаңы имарат заманбап талаптарга жооп берип, сот тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана район тургундары үчүн сапаттуу сот кызматтарын камсыз кылууга багытталат.

9 Сентябрь 2026 жыл 10:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча