Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңеште заманбап санариптик музейдин ачылышына катышып, парламенттин жаңыланган жыйын залдарын көрүп чыкты.
Музейде гид-робот мамлекет башчысына кыргыз элинин жана парламенттин тарыхына, ошондой эле Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө арналган экспозициялар тууралуу айтып берди.
Ошондой эле президент мамлекеттик органдардын жетекчилерине жыйындарга онлайн режимде катышууга мүмкүндүк берген заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган парламенттин жаңыланган жыйын залдарын көрүп чыкты.
Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров жаңыланган экспозиция келгендерге, өзгөчө жаш муунга парламенттин тарыхын жана ишмердүүлүгүн жакындан таанып-билүүгө мүмкүндүк берерин, ошондой эле жарандардын Жогорку Кеңештин ишине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө болорун белгиледи.