Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Токтогул суу сактагычында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган болжол менен 700 метр синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды.Ал эми мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген жарандар аныкталган жок.
Министрликтен белгилешкендей, рейд суу жана биологиялык ресурстарды мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө, браконьерлик фактыларын аныктоо жана алардын алдын алууга багытталды.