«Элди бөлүп-жарууга аракет кылган саясатчыларыбыздын кытмыр ой-пикирлерине жетеленбейли». Президент элге кайрылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сөз сүйлөп, жалпы кыргызстандыктарга кайрылды.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн мен ушул бийик трибунадан парламентке гана эмес, жалпы кыргызстандыктарга кайрыла кетейин!

Биздин эң чоң байлыгыбыз – өлкөбүздөгү тынчтык, элибиздин ынтымагы жана мамлекетибиздин туруктуулугу.

Кыргызстан өткөн тарыхында саясий тирешүүлөрдүн азабын, коомдук бөлүнүүлөрдүн жана туруксуздуктун кесепеттерин көп эле тартты. Ошондуктан биз тарыхтан сабак алышыбыз керек!

Коомдо талкуулана турган маселелер дайыма болот.

Жер, тил, экономика, социалдык маселелер, тарых, маданият, аймактык же башка курч темалар боюнча ар кандай көз караштардын болушу – коомдук турмуштун табигый көрүнүшү.

Бирок пикир келишпестикти кастыкка, талкууну тирешүүгө, ар түрдүү маселелерди коомду бөлүп-жаруучу куралга айлантууга эч кимдин укугу жок!

Айрыкча коомдук таасири бар адамдар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, айрым депутаттар, эксперттер, коомдук лидерлер, журналисттер жана блогерлер ар бир айтылган сөздүн артында, коом алдындагы жоопкерчилик турарын унутпаш керек!

Элдин сезимине тийген маселелерди атайылап курчутуп, коомдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө тукуруу аркылуу саясий упай топтоого жол бербешибиз керек!

Бүгүнкү күндө, интернеттин заманы күч алган маалда маалыматтарды иргебей, алардын кийинки кесепеттерин эске албай жайылтуу кадимки көрүнүшкө айланып баратканы өкүндүрөт. “Кой аксагы менен миң” дейбиз. “Котур ташын койнуна катып алып”, жакшы иштерден дагы кемчилик издеп, элди бөлүп-жарууга аракет кылган саясатчыларыбыздын кытмыр ой-пикирлерине жетеленбейли.

Интернетке жалган пикир жазып, эл көзүнө көрүнүп, аккаунтуна катталуучу топтогон жарандарды, ошол акылын, ошол убакытын, ошол күч-кубаттарын мамлекетибиздин өнүгүшүнө жумшоого чакырар элем.

Популисттик, демогогдук пикир калтыруу менен өзүнө дагы, элге дагы, Мекенге дагы эч кандай пайда келбестигин акыры түшүнүшү керек!

Мамлекеттик кызматтарда коррупциялык көрүнүштөр болсо, далилденген, негизделген фактылар менен элдин алдына алып чыксаңыздар, албетте, мага эң чоң жардам берген болосуздар. Мен сиздер тарапта болом. Сиздерди колдойм. Сиздерге рахмат гана айтам.

Биз мамлекеттин өнүгүшүн артка тартып жаткан көрүнүштөрдү, айрыкча коррупцияга аралашкандарды аёосуз жазалайбыз.

Ошондой эле «демократия» деген атка жамынып алып, жоопкерчиликтен мурун, ээн ооздукка, ээн баштыкка баргандын өзү жапайы көрүнүш.

Жалган маалыматтарды таратып, тынч жаткан элдин башын айландырып, өнүгүүгө терс таасир эткендердин баштарынан сылабайбыз.

Андайларга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн буга чейин да айткам, азыр да айтам!

Коомдук пикирди жаратуучу топтордун баары биригип, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда жаратман демилгелерди, жасалып жаткан жакшы иштерди баарыбыз жапырт колдоого алалы!

9 Сентябрь 2026 жыл 12:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча