Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында асфальт төшөлүп, тургундарды кубантты

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов–Макмал автомобиль жолунун Кош-Дөбө айылындагы 88–90,8-чакырым аралыгында эки катмар асфальт-бетон төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын билдирди.

Маалыматка ылайык жергиликтүү тургундар жолдун жаңыланып, асфальт төшөлгөнүнө кубанып, жол куруу иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуларга жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ыраазычылык билдиришкен.

«2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, Баетов–Макмал автомобиль жолунун жалпы 10 чакырым тилкесин асфальттоо пландалган. Жолду оңдоо иштеринин сапаты Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө»,-деп айтылат маалыматта.

10 Сентябрь 2026 жыл 17:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча